www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда “темир генерал” атына конгон Феликс Кулов чагымчыл тажик генералына карата жооп берди. Анын жообу төмөндө өзгөртүүсүз, которулуп берилди:

“Тажикстандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүм башчысы, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун “Менин ата-бабаларым (!?) кыргыздарды алып келип, аларга жер (Баткенди) берген. Ал эми бүгүнкү күндө алар биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп айткан сөзүн окугандан кийин бул кезектеги провокациялык сөз, же азыркылар айткандай фейк деп ойлогом. Бирок Тажикстандын элчиси биздин ТИМге чакырылып, ушундай кырдаалда айтылчу “өтө тынчсызданууну” билдирилгенде, бул чындык экенин билдим.

Бирок менин оюмча кеп “тынчсыздануу” тууралуу эмес, жумшак айтканда, алысты көрө албаган, чектелген кызматкерди жумуштан бошотуу талабын коюу керек. Болбосо ал сыяктуу провокаторлор өзүнүн “чындыгын” далилдеш үчүн каалаганын кылат.
“Тупой солдафондун” саясаты эмнеге алып келээри баарына түшүнүктүү.

Айтмакчы, мага белгилүү болушуна караганда Навджувонов ИИМинин башчысынын орун басарлыгынан бошотулуп, ардактуу сүргүн катары жаш курагынын жогорку чегине жеткенге чейин Согдий облусунда иштөөгө жиберилген.

Ушул жылдын июлунда ал 55 жашка чыгат, кызмат убактысын узартууга  кажет жок болгондуктан, ал “трусасынан секирип” чыгып, өзүнүн чириген ура-патриотизмин көрсөтүп жатат.

Мындай адамдын кызматта калуусун биздин элге, мамлекетке карата достукка жатпаган кадам катары гана эмес, кырдаалды курчутуу үчүн куралдуу карама-каршылыкка жеткирүүнү көздөгөн, бирөөнүн саясий карасантай максатын ишке ашыруу деп баалашыбыз зарыл”,-деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости