www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Сабыр байке, бүгүнкү талкууга коронавирус, АКШнын кыргызстандыктарга карата визалык чектөөлөрү, Казакстандын Кордай районундагы этникалык жаңжал тууралуу, анан өлкө ичиндеги нааразычылыктар, жаздагы жергиликтүү, күздөгү парламенттик шайлоого карата даярдыктар тууралуу кеп кылалы деп турам...
- Анын баарына канча убакыт кетет, убактыбыз жетеби, жеткен күндө да анын баары батабы, гезитке?
- Айрымдарына кыскача болсо да токтолуп, маанилүүлөрүн кенениреек кеп кылалы, качантан бери маектеше элекпиз? Суроо көбөйүп кетти да, кандай дейсиз?
- Анда мындай, коронавирусту айтпаган, жазбаган, коркутпаган киши калган жок. Эфирде деле баштагыдан кыйла азайгансып калды. Баардык мамлекеттердин бийлиги катуу көңүл бөлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп атат. Буга чейин свиной, птичий ж.б. болгон. Көнүп деле калыппыз. Тем более, Арстан Алай айтты го (?), “кыргызга жукпайт”- деп. Менчик Кудайыбыз турганда эмне коркуп... (күлүп жибердик) Ал эми, коңшу казак баурдастарда жанагындай кайгылуу окуя болуп, бир топ адам забын болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алып, миңдеген адамдар Кыргызстанга качып кирди. Үй-мүлк өрттөлдү. Кыш-күрөөдө шору катып, темселеп, үйүнөн тентип жүргөн кары-картан, бала бакырага кантип бооруң оорубайт? Мындайды биз да бир нече ирет башыбыздан өткөрдүк. “Үйү жакын иттин куйругу узун”- деген кеп бар кыргызда. Алдуусу алсызды, көптүгүнөн пайдаланып аз элди кордогон, бул кандай деген күндө да жакшы эмес. “Бул биздин жер, көөп кетишти, тарбиялап койдук, шүк жүрүшсүн!”- дегенсиген актануулар суу кечпейт, бул адамдардын жапайы кезинен калган жырткычтык. Адам жасай турган иш эмес. Айбанчылык.
А эгерде, айрым эксперттер божомолдогондой, атайын уюштурулган провокация, чагым болсо, саясый кутум болсо, анда аны уюштургандар деле жакшылык көрбөйт, акыры... Ошончо адамдын каны, көз жашы, убалы уктатпайт, акыраягы бир жерин тешип чыгат. Чындык бар! Кудай бар! Мен ошондой ишеним менен жашап келем. Бул каргаша, ал окуянын тикелей катышуучуларынын гана жүрөгү аркылуу өтпөстөн, сырттан карап тургандардын, алыста жүргөндөрдүн көбүн жайпап өттү. Соцтармактагы пикирлер биздин коомдун бет кабын сыйырып салды. Боор ооругандар бар экен, бирок эмнегедир мага, ошо шору катып шоройлоп аткандарды “сооп болду, киргизбеш керек” деп, дунгандарды табалагандар, “алар чек арасын жапкан, биз да чек араны жабышыбыз керек” дегенсип, казакты табалагандар көптөй сезилди. Мага ошол катуу тийди. “Биз ушинтип калдыкпы?”- деген сезим, мени депрессивдүү абалга кептеп, ошондон бери ичимен жаман болуп жүрөм.
- Биздин ата-бабаларыбыз жуттан кырылган казактарды койнуна синирип, ачкачылыкта ажалдан алып калган эмес беле. Биз, бүгүнкү кыргыздар ошондой бийик адамгерчиликтин, боорукерликтин үлгүсүн кайталай алабызбы? Азыр казагыбы, калмагыбы, өзбек, тажик, сартыбы, орусубу, кытайыбы, айтор коншулардын кимиси тууралуу болсо да жакшы сөз айтпай, боктой тургандарыбыз көбөйүп кеткендей. Кой-ай дегенден тартынасың. Антсен “балээге калам” деп, чочулайсың. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге минтип калдык?
- Аны айтасың, ич ара эле бири-бирибизди түндүк-түштүк деп жектеп, жамандаганыбыз күчөп кетпедиби... Ичибизде, илибой адреске шалп эткизе чаба турган жек көрүүчүлүк сезим кыжылдап, кайнап жаткандай... Эми заман өзгөрдү, адамзат көбөйдү, батышпай, жетишпей, тартыштык жаралып, миллиондогон адамдар ачтан кырылып жатат. Адамдар, элдер, мамлекеттер баары өз кызыкчылыктары үчүн жутунушуп, бири-бирин кырып жатат. Акыйкаттык, адилеттүүлүк деген түшүнүктөр керек учурда гана колдонула турган куру сөз түрүндө эле болуп калды. Илгерки, өткөн муундар мындай кыйынчылыктарда, согушта, жутта, ачкачылыкта тетирисинче биримдикке, ынтымакка умтулуп, боорукерлик, кайрымдуулук жалпы касиетке айланып, адамдар бир сындырым нанды бөлүп жешкенин билебиз. Тилеке каршы, азыркы коом башка нукка түшүп алдык. Алмустактан бери калыптанган ач көздүк, жырткычтык күч алып, адамдар терс жакка өзгөрдүк. Таш боор болуп баратабыз.
- Эмне себептен ушундай жолго түшүп калдык деп ойлойсуз?
- Адам баласы таптаза наристе, эч кири жок жаралат. Ал төрөлгөндөн жакшы менен жаманды, ички туюмунда ылгай алчу касиетке ээ сыяктуудай. Анан биз ошо таза денени, жашоо процессинде булгап, акыр-чикирге толтуруп атабыз. Асыл максаттарды аркалоо үчүн жаралган адам тумчугуп, кыйналып, көздөрү тунарып, бактысызга айланып, тегерегиндегилердин баарына жек көрүүчүлүк сезимин арнап, заарын чачып калууда. Мен ойлойм, бир берилген өмүрдү максатсыз сарптап жатканыбызды ичибизден туйгандыктан, баардык кылганыбыз адамдын табиятына каршы болуп атканын сезгендиктен, айлабыз жок эч керексиз жалтырак-жултурактын кулу болуп калганыбыздан, ошондой тетири круговоротту токтотууга, андан чыгууга чама-чаркыбыз жоктугунан улам, ички дүйнөбүз жек көрүүчүлүккө толуп кеткендей... Адам, менимче, өмүрүн асыл максаттарга сарптап, жаратылыш менен гармонияда жашашы керек. Ошондо гана ал өзүн бактылуу сезет болуш керек деп ойлойм. Кыйын заманда биздин ата-бабалар жокчулукта жашаса да адамкерчилигин жоготпогонунун себеби эмнеде эле? Алардын көздөгөн максаты, ага жетебиз деген ишеними болгон. Бизде ошо барбы? Жок болуп атпайбы. “Каякка баратабыз, эмнени каалайбыз?”,- дегенде “адилеттүүлүк, токчулук, бакубат жашоо, демократия”- деп койобуз. Бирок аныбыз жардам бербей, жаныбыз жай алып калбай, кайра эле кабатырбыз. Эмнеге? Себеби өзүбүз ошо өзүбүздүн айткандарыбызга ишенген жерибиз жок. “Бири-бирибизди алдап атабыз, коррупционерлерибиз менен атка минерлерибиз алдап кетет, баары бир андай болбойт”- дегенге ишенип алганбыз. Каныбызга сиңип калган, эч унута албайбыз. Ошону унутушубуз керек, анан асыл максат, ишеним керек. Биз бири-бирибизге ишенишибиз керек. Өмүр кыска ... Биз ушу ондогон жылдар бойу өз жолубузду таппай, кайсалап, кыйналып, тентип, ичибизге бук толуп, кыжырыбыз кайнап, келечекке болгон үмүтүбүз үлпүлдөп өчүп бараткандан улам, турмуштун оош-кыйышын көтөрө албай ушинтип, “өзүбүз жаныбыз кашайып турса, башкаларга да күн тийбесин”- деген кызганычка батып калдыкпы (?), деп да кетем. Ошондой го деп калам, ойго батканда...
- Биз учурда демократиялык, светтик мамлекет түптөөгө аракеттенип жатабыз. Эл бийликтин булагы деп тааныйбыз, анан ошол элден бийликти шайлоо жолу менен легитимдүү түрдө алып, башкарууну уюштура албай, алдап, уурдап, будамайлап эле убараланып, элдин ишенимин да өлтүрүп атат окшойбуз. “Нукура кыргыз жолу менен кетебиз, ошондо гана көксөгөнгө жетебиз”- дегендер да, дагы башкача жолдорду сунуштагандар да бар. Ушу алдыга койгон максатыбыз эмне, кай багытта өнүгөбүз, кандай система керек(?) дегенде эле талаш тартыш башталып, баш аягыбызды таппай калып жаткан жокпузбу? Бу талаш-тартыш качан, кантип аякташы керек? Качан багытыбыз аныкталып, өнүгүү жолу башталат?
- Вечный суроо бердиң. Кыскача айтайын. Талаш тартыш эч качан токтобойт. Ал ошол эле өнүгүү үчүн аба менен суудай керек. Ал токтобош керек. Токтосо кайра жаман. Туура жолду тандап, өнүгүү башталганда да талаш-тартыш калбай коштоп жүрүүсү керек. Нукура кыргызча жол тууралуу. Андай жол жок. Азыр таш доору эмес. Үнкүргө бекинип алып, дүйнөдөн оолак жашай албайсың. Адамзат ойлоп тапкан, илимдин, техниканын баардык жетишкендиктерин окуп үйрөнүп, өздөштүрүп, колдонуп жашаганга аракеттенишибиз керек. Албетте, айрым бир ШОК кылган, канибализм, адам турмак жаныбарлар дүйнөсүнүн тукум курут болбой өнүгүү табиятына каршы келе турган жыныстык айырмачылыкты тануу сыяктуу, терс көрүнүштөрдүн баарын кабыл алуу тууралуу сөз жок. Демократиялык светтик өлкө куруудагы кыйынчылыктар эмнеге байланыштуу жылбай жатат? Кайра эле, жанагы жогорудагы айтылган кесепеттер, максаттын, багыттын так аныкталбаганы, ишенимдин жоктугу, ач көздүгүбүз... Биз легитимдүү бийлик түптөгөнгө муктажбыз, мажбурбуз. Анткени халифтин, падышанын, хандын Кудайдын жердеги өкүлү эмес экенин билип, аларга ишенбей калганбыз. Ошондон кийин “ар чөлкөмдүн ээси ошо жерде жашаган эл”- дегенге келип, андан, “эл мамлекетсиз жашашы кыйын” дегенди да кабылдаганбыз. Анан эмне болду? Бул аксиоманы эрте кабылдап, үч-төрт кылым аңга түшүп, кырга чыгып тырбалаңдап, өздөштүргөн мамлекеттердин ичинен, эмгегинин үзүрүн көрүп аткандар жетиштүү. Бизге окшоп, отурукташканы жүз жылга жете элек, мамлекет катары көз жарганы отуз жылга жете элек, там-туң баскан, бирок каалосу менен амбициясы асманды самаган мамлекеттер да бар. Орто кылымдагы үрп-адат менен диний фанатизмдин запкысын чегин кырылып, согуш отунда калгандар да бар. Бул жагынан алганда биз, Кудаага шүкүр, туура эле жолдобуз.
- Анан мына ушундай шартта шайлоолор жылы да келип калыптыр. Быйыл жазда жергиликтүү кеңештерге, күздө Жогорку Кеңешке шайлоо болгону турат. Жылдын башы менен бир топ партиялар аракеттерин баштап жиберишти. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр киргизүү, шайлоо босогосу менен күрөө болчу сумманы төмөндөтүү талабы дагы деле күн тартибинде. Мурдагы жылы президент Сооронбай Жээнбеков, -“шайлоого бир жыл калганга чейин шайлоо кодексине, партиялар туралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдүү, толуктоолорду киргизип жетишип, шайлоого шайма-шай, даярдыкта баралы, шайлоо башталардын астында шашкалактап жүрбөйлү” деген маанидеги сөзүн айтканы эсибизде. Шайлоого жарым жылдан бир аз ашыгыраак убакыт калды. Биз адатыбызча шашкалакка кабылдык. Ушу тууралу, анан 9%дык босого, залог тураалу кандай ойдосуз?
- “Хотели как лучше, получилось как всегда” деген ошол. Бизде дайыма ошондой. Жеке кызыкчылыктар биринчи планда, мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы унутта калат, шишип жарылганда анан чыга келет. Тогуз пайыз босогону төмөндөтүү, залогду азайтуу эмнени чечет. Эч нерсени чечпейт. Мандат соодалоого катышкан “брокердик компаниялардын” (эми аларды партиялар дегенге деле ооз барбайт) эле катарын бир аз кеңейткени болбосо, баштагыдай эле капчыгы калың олигархтар, бизнесин лобировать этүүнү максат кылган миллионерлер мандаттарды сатып алышат да. Андыктан, Шайлоо кодексине кардиналдуу озгөртүүлөр киргизмейинче, мындай косметикалык аракеттер көз будамайлоо, эч нерсе өзгөрбөйт, тиги вариантында деле бул вариантында деле акчалуулар сатып алат деп эле эсептейм. Аны жасаганча жасабай эле, кийинки шайлоодо кардиналдуу өзгөртүүлөргө барганыбыз оң.
- Партиялык тизме, пропорционалдык системанын ордуна можаритардык системаны, же аралаш системасын, курултайга баардык бийлик бутактары жыл сайын отчет берип туруусун баш мыйзамга киргизүүнү, мамлекет башчысы менен аткаруу бийлигинин башчысынын милдетин президентке эле жүктөп, премьер министрлик кызматты жойуп салууну сунуштагандар да болуп жатат. Ушу сунуштар тууралуу эмне айтасыз?
- Биз кыргыздар Ала-Тоонун коюн колтугунда жашап келебиз. Македонский, Араптар, Чынгызхандардын түмөндөгөн аскерлери Орто Азияны басканда түз мейкин таала менен өтүп, тоонун кокту колотунда салыштырмалуу эркин жашоо сакталган. Бирок кыргыздар чачкын болуп, ар дайым сырткы коңшулардан ыдык көрүп, алардын курамында болууга мажбур болушкан. Керек болсо алар кыргыз деген жалпы атты деле колдонушпастан Саруумун, Кушчумун, Мундузмун, Басызмын, Баргымын деген сыяктуу ар бир байыркы уруулар ар кими өзүн эл атап жүргөнү белгилүү... Өз алдынчалыкка умтулган бир, эки аракеттери ишке ашкан эмес. 13-кылымдан баштап, адегенде моңголдордун Чагатай улусунун курамында, кийин Кокон хандыгынын курамында, эки ортодо казакка кошулуп, калмак басып, Кытайдын кысымына кабылып, акыры оруска кошулуп, айтор акыркы алты жети кылым, акыркы чечимди сырткы күчтөр кабыл алчу. Кыргыздар биздин бийлик, биздин эл таасир эте албаган, Кудай сыяктуу эле сырткы инстанциянын болушун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабылдап, көнүп калгандайбыз. Баарын Москва чечет деп. Анан азыр Москва жок. Кудай жок. Эң жогорку бийлик Президент болуп атпайбы. Анан элибиздин ички туюмунда: “Аны кантип өкмөт башчыдай кылып ур тепкиге алабыз? Андан кийин эмне болот? Кудайыбызды тааныбай калсак кандай болот? Ошон үчүн жалпы эл шайласын, президент Москвадай бийик болсун, ошондой кол тийбес, сөз тийбес кылып бийик туталы, угалы, баш ийели, анан ошонун кадырын билбесе өзүнөн көрсүн, берки эки качкындын кейпин кийгизебиз!” - деген сыяктуу, байыркы замандан сакталып калган, ошо кездеги ажоолорго арналган ички, элдик сезим бардай туюлат. Ошондуктан, “бизге азырынча ушундай, бийликтин үч бутагынын ортосунда данакерлик кыла турган ыйгарым укуктуу президенттик кызмат керек, жоюу эрте”- дегендердикин эле туура деп ойлойм. Президенттикти жоюп, же өкмөт башчылык менен бириктирип, Жогорку Кенештин алдына салып берүү эртелик кылат. Анүчүн адекваттуу парламент жарата ала турган коом өсүп жетилиши керек болуп турат. Мектептин директорлугуна чейин камчыга ченеп бөлүп ала турган, чимкирик, “баран” атка конгон, мамлекетиңди өз чөнтөгү үчүн сатып жибере турган чийки парламентаризм доорунда андай кадамга баруу өтө опурталдуу болуп атпайбы. Можаритардык система болсо, бул эми коктунун ичиндеги талаш. Тууган-туушканды бөлөт. 51% алсан баарын аласың, 49% электораттын добушу талаада калат. Эчтеке албайт. Пропорционалдык болгондо аз добуш алсаң да тийешелүүсүн аласың. Өтүү босогосу жоюлса чогулткан добушуңа жараша баарын аласың, бир да шайлоочунун добушу жерде калбайт. Анан ошо коктуга чачкан акчасын кайтарууну максат кылган, ошо коктуга гана көз каранды, эч кандай улуттук масштабдагы партиялык программага байланбаган, “көпүрө салып берем” дегенден башка милдеттенмеси жок 120 же 105 депутат б.а. озүнчө эле бир, 105 же 120 бирден гана мүчөсү бар партия келип атпайбы. “Тиякка кеттик, биякка баралы” деген сунушу жок, өз чөнтөктөрүнүн ойлоп гана отурушса... Мен, “пропорционалдык система керек, партияларсыз болбойт” дегендерди колдойм. Ооба азыркы партиялар жарабай калды. Бирок ал партия жаман дегенди эмес, биз начарбыз, заманбап партия түптөгөнгө деңгээлибиз жетпейт дегенди гана билдирет. Пропорционалдык системаны да өзгөртүп, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгынын негизинде, 20 болобу, 30 болобу округга бөлүп, ар бир округ боюнча өз алдынча тизме кылып, талапкерлерди электоратка жакындатуу керек. Бул эми азыр колдон келбейт. Кеч калдык. Келечектин иши...
Булак: "Майдан.kg"