www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик элинин короосуна таш ыргытпасак да, анын айрымдарына катуу эле айтып, жай-жайларына коюп койчу убакыт жетти сыягы. Каалаганынча тайраңдашты, сайрандашты, билген “погун” жеп келишти, жеп деле жатышат.

Бүгүн казак, өзбек, кытайлар менен чек арабызда олуттуу  ташпиш жоктой, чыр чыкпай, тыптынч. Болгону ушу тажик туугандар тынчыбай коюшту. Утур-утуру эле жаңжалга башын матырышып туруп, кайра биз жакка күнөөнү койгонго да маш болуп  бүтүштү.

Кошунабыз да, чечилбеген   ташпиштерди сүйлөшүү жолу менен чечебиз, дегендей ар кандай жолугушууларга  барып, маселени кабыргасынан койуп жүрсөк, чыдабай кетти көрүнөт бу амекилер, бир солдафону, тагыраагы, генерал деген наамы бар Навжувонов: “Эгерде биз тарыхты көтөрчү болсок, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес. Биздин бабалар кыргыздарды ээрчитип келип, жер бөлүп беришкен. Бүгүн ушул берешендик башыбызга таш болуп тийип жатат”,-деп  отко май тамчылатып, чагым жасап, жыландын башын кылтыйтып койду. 

Эми бул солдафон менен сөз талашкандан мандем чыкпайт. Ал тажик дегениң кайдан чыккан, качан пайда болгон, дегеле тажиктин түпкүрү  каякта... деген соболдор үч уктаса түшүнө кирбесе керек эле. Сталин ушундай тежиктигиңерден 1924-жылы Өзбекстандын курамына кошуп, 1929-жылы гана Республика болгонун укпаса деле керек. Аскер окуу жайы ага гуманитардык билим бермек беле. Ошондо кыргыздын Нуркап (азыр Мургаб), Жергетал деген жергесин силерге алып берип койгону да ага "1001 түн "жомогу эле сыягы.

Генерал деген солдафон да, айт деп буйрук берсе, кополураак болсо да түз эле айтып салат. Ошон үчүн солдафон! Демек, бул маселе тээ президент Рахмандын ордосунда тыкыр каралгандай. “Бовосо” солдафон “бовойт” эле деп айтып салмак. Демек, ошол жактан “Баткенди абергиле мага”. деген көрсөтмө түшкөн... Жок эле дегенде расмий кулак кагыш кылып, аңкоолонумуш болгондой түр менен кыйытып болсо да кыргыздарга жеткиргиле деген го...

Эми чек араны демаркация менен демилитаризациялоода  ашка жүк, башка жүк ташпиштердин жаралышы айдан ачык болуп калды. 976 чакырымга созулган чек аранын 504 чакырымынын  гана  тагдыры чечилген кезде...тажиктердин тежиктиги өкүндүрбөй койбойт. 

Согдий дубанынын Исфара, Канибадам, Гафуров райондору  менен чектешкен Баткен облусунун чек аралык талашы, тилекке каршы, улана берет окшойт. Анткени, генерал-солдафон өзүнүн эмес, шефинин сөзүн  кагазга оробой эле узатып турбайбы... ай генерал  – солдафон...андай нерсени бирдемкеге чала-була болсо да ороп, аяк-биягына ырым салып туруп аста., угузбай, же кайманалап айтат го акыры... Же кыргыздарды кол алдыбыздагы жүгүрүк  балдар деп ойлоп алдыңбы... Окемдер айтчу эле “ мы псковские, мы прорвемся" деп. Шо болду да калды...

Калдар Шерматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости