www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жума аралыгында, болжол менен 5-6 февралда, абанын температурасы 0 градуска жетип, андан соң акырындап жогорулай баштайт. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматынан айтып беришти. Бул тууралуу маалыматты Спутник жазып чыкты. 

Синоптиктер Бишкекте өткөн түн абдан суук болуп, аба –27 градуска чейин түшкөндүгүн билдиришти. Бүгүн түнү да суук абдан катуу болуп, андан соң акырындап көтөрүлө баштайт.

«Алдын ала алган маалыматтарыбызга караганда, 1-2-февраль күндөрү күндүз –5…–6 болот. Ал эми келерки жумада, тагыраагы 5-6-февралда, термометр 0 дөн +5 градуска чейин көтөрүлөт», — деп билдиришти Кыргызгидрометтен. Аталган жайдан Ысык-Көл менен Нарында суук күчөй тургандыгын кошумчалашты. - деп жазат Спутник.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости