www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦин кайра оңдолуп, кубаттандырылган. Ага 386 000 000 доллар сарпталган. Муну менен ТЭЦ 1,5 эсе мурдагыдан кубаттуулугу күчөгөн деп элди ишендиришкен. Быйылкы бир күндүк -25°С суукта туруштук бере албай, ТЭЦ авариялык абалга түштү. Жылуулук төмөндөп, ысык суу акпай калды. 

Ар ай сайын "акылдуу" кеңешчи алып, улам эле "акылдуу" шаар кургусу келген өкмөт башчынын иши чынында чала болуп атат. Ал, мыкты дипломат, жакшы адам экени талашсыз. Бирок, жетекчи, чарбачы катары өтө алсыз экен. Эгерде 10-15 күн -25°С кармала турган болсо, өтө эле жүдөп калчудай. Эгер жаңылбасам, Сапар Исаковдун өнүгүү жөнүндө 40 кадамы болсо керек эле. Анын 2-3 кадамы афералык кадамдар болуп, мамлекетке чыгым алып келди, "Лигласс" менен келишими ж.б. Сапар Жумакадырович, сиз чынында кичи пейил, билимдүү кадрсыз. Балким сиздин акылыңыз башка кызматтарга пайда алып келет?

Кыргызстан баарыбыздыкы жана татыктуу жашагыбыз келет. Акылдуу шаар курам дейсиз, же акылын байкабайбыз. Катачылыкты моюнга алып, тартипти бекем кармаган, акылы жок болсо деле, ысык суусу бар, жылуулугу бар шаар кура алган бирөөгө ордуңузду берүүнү ойлонуп көрбөйсүзбү?

Сиз иштегенден бери өндүрүш деле жыргап кеткен жок. Албетте чоң чыгымды чапчыган той-аштар, көңүл ачуулар болуп жатат, бирок тышкы карыз улам өсүп жатат. Эң эле байкаганыбыз сиздин саны көп, сапатынан жыйынтык чыкпаган кеңешчилериңиздин саны өстү.

Дайырбек Орунбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости