www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ишкер Билл Гейтс көп төлдөгөн, сүттүү, эттүү, чыдамдуу уйлардын түрүн (породасын) жаратуу үчүн 40 миллион доллар жумшады. Business Insider басылмасы кабарлагандай, акча генетикалык иликтөө үчүн GALVmed уюмуна берилди.

Анын айтымында, жаңы уй түрү кадимки мыкты уйдай эле сүт берет, бирок ысыкка кыйла чыдамдуу болот. Уйдун жаңы түрү планетанын эң кедей аймактарындагы жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Генетикалык өзгөрүүлөрдүн жардамы менен мал азыркыдан өнүмдүү болот - деп эсептейт ишкер.

Билл Гейтс дүйнөдөгү ири "Билл жана Мелинда Гейтс" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Ишкер кедей аймактардагы ооруларга каршы күрөшүү, вакциналарды иштеп чыгуу жана жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн бир нече жолу өз эсебинен акча бөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости