www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир мырза диванда жатып алып телевизордун пультун колунан чыгарбай сүйүктүү футбол командасынын оюнун көрүүнү кыялданса керек. Айымдарга мына ушундай мырзаларды акылынан кантип адаштыруу керектиги тууралуу кеңештерди сунуштайбыз. Даярсызбы? Анда пайдаланып, ырахатка батыңыз!

1. Демилгени өз колуңузга алыңыз

Секс жаатында демилгени өз колуна алган, андан да жакшысы жыныстык атнашка азгырган айымдар жагат. Баналдуу чындык мындай: ал үчүн дүүлүгүп, ышкы отуна баткысы келген айымдан артык эч нерсе жок. Айымдар сүйүктүүсүн ар дайым каалайт экенин билүү мырзалар үчүн абдан маанилүү. Өз каалооңузду убакты-сааты жок билдирүүдөн тартынбаңыз. Мисалы, чак түштө эротикалык мүнөздөгү билдирүү жөнөтүп коюңуз. Бирок, сак болуңуз! Сүйүктүүңүз төшөк оюунуна макул болгон соң, калган ишти анын колуна тапшырыңыз. Мырзалар демилгени жакшы көрөт, бирок төшөктө аялдардын агрессивдүү жүрүм-туруму баарына эле жага бербейт.    

2. Жаңы трюктарды жасагандан коркпоңуз

Мырзалар үчүн секс өзгөчө орунда турат, андыктан узак жана бактылуу сүйүүнүн салмактуу аргументи толук болот алат, ал эми айылдар үчүн мамилелерди башкаруунун өз ара рычагы болуп саналат. Төшөктөгө эксперименттер – мырзалар үчүн мыкты стимул берүүчү каражат. Сексуалдык каалоо аппетит сыяктуу: баарын татып көрүүнү каалайбыз, бир эле нерсени күндө жей бергенден тажап кетет эмеспизби. Мырзалар төшөктө жаңы, кайталангыс сезимдерди тартуулай алган айым менен болууну каалашат.

3. Мырзалар дагы кулагы менен сүйүшөт

Маал-маалы менен өзүнүн дене мүчөсүнө карата комплемент жана мактоо сөздөрүн угуп турууну бир эле айымдар жактырышпайт. Эркектер да кулагы менен сүйөт. Аларга таттуу сөздөрдү (кээде кошомат сөздөрүн дагы) угуп тууруну абдан жактырышат. Мырзалар аялдарды дүүлүктүрө ала турган өзгөчө касиети бар экенин айымдардан уккусу келет. Бул анын сырткы көрүнүшүндө, кыймылында, куйкум сүйлөгөнүндө же интеллектуладык өзгөчөлүгүндө болушу мүмкүн. Анын кайсы сапаты абдан сексуалдуу экенин айтуудан тартынбаңыз, муну менен анын өзүнө болгон ишенимин көтөрө аласыз.   

4. Жарыкты жандырып коюңуз

Секс учурунда жакрыкты өчүрбөй эле коюңуз, аны менен өнөктөшүңүзгө болгон ишенимди көрсөтө аласыз. Мырзалар айымдары энеден туума жылаңач көрүүнү, ар бир мүчөсүн карап чыгууну, алар менен таанышууну, майда-баратына чейин үңүлүп үйрөнүүнү жактырышат. Караңгы жайда же болбосо шейшептин ичинде секс менен алектенүүнү токтотуңуз! Жарык десе болгон лампочкаларды жандырып албай, бир-эки шам жагып коюңуз, телевизордун дагы жарыгы жарай берет. Булардын баарын “кинодогудай” эффект берүү үчүн пайдалансаңыз болот. Мырзалар табиятынан көрүп, анан дүүлүгүшөт. Мындан тышкары, көпчүлүк мырзалар интимдик процесстерди аялдардын да жактыруусун каалашат. Өзүнүн мырзасынын алдында ачык-айрым болуп аялдар кошумча бонуска дагы ээ болушат.    

5. Кыялдарды орундатууга аракет кылыңыз...

Ар бир мырза өзүнүн айымы жеңил-желпи болуусун жана өзүнүн эротикалык каалоолорунан уялбоосун каалайт. Өнөктөшүнүн төшөктөгү фантазиясын иш жүзүнө ашыруудан өткөн жакшы нерсе жок. Көпчүлүк мырзалар өздөрүнүн кыялдары тууралуу айтышса, аларды кагып коёт деп тартынышып, айтышпайт. Өзүңүздүн фантазияңыз тууралуу ага айтып, анан анын кыялындагы нерсени сурап көрүңүз. Аларды ишке ашыруу үчүн биринчи кадамды сиз жасаңыз: дал өзүндөй болбосо да, экөөңүздөргө тең жага турган компромисс табууга аракет кылыңыз. Андан да жакшысы, кыялдагы сексуалдык экспериментти чогуу ойлоп таап, ошону ишке ашырыңыздар.    

6. Төшөктө ыплас сөздөрдү да колдонууга болот

Мырзалар көзү менен гана эмес, кулагы менен дагы сүйүшөт – төшөктөгү ар кандай үндөр аны дүүлүктүрөт. “Идеалдуу ойнош” түшүнүгүнө мырзалар үндүн төмөнкү назик тембри менен анча бийик эмес азгырып сүйлөө манерасын дагы кошушат. Көп сүйлөөнүн кереги жок. Күндүн кандай өткөнү тууралуу мырзаңыздынн кулагына шыбыроонун кереги жок. Сезимди ойготуунун кызыктуу ыкмасы – “ыплас” сөздөрдү ыгы менен колдонуу болуп саналат. Төшөктө андай сөздөрдү колдонуунун өз ордун таба билүү керек. Жөнү жок эле ар кандай жаман сөздөрдү айта берүү кыжырданууга алып келет. Байкап көрсөңүз: сексуалдык эмес, бир эле эмоционалдык дүүлүгүнү байкасаңыз, анда мырзаңыз жинденип жатат, бул учурда секс сунуштоонун кажети жок.

7. Жасануу тууралуу унутпаңыз

Эротикалык ич кийимдер эки мүнөттөн соң полдо оонап жатарын билген соң, аларга чоү каражат коротуп эмне кереги бар? Токтой туруңуз! Мырзалар кооз анан мыкты жасалгаланган белектерди жакшы көрүшөт, аларды көрүп абдан кубанышат, анын ичиндегисин ачып көрүүгө абдан ашыгышат. Андыктан, чечинип жаткан кезде такыр шашылбаңыз. Боло турган ишти алдын ала элестетип, абдан кубанычта болот. Эң эле сексуалдуу ич кийимди кийип, аны менен тордолгон чулкини кошо кийиңиз, анан чоң күзгүсү бар бөлмөгө аркырын алып жөнөңүз.

8. Сюрприз!

Секс менен алектенүү үчүн баары алдын ала даяр болуш керек деген айымдардын тобуна киресизби? Же жашоодогудай эле күтүлбөгөн белектерди жактырасызбы? Жок жерден эле сүйүү кумарына батып кетүү мырзалар үчүн идеалдуу көрүнүш болуп саналат. Мырзалар буга чейин жасап көрбөгөн жоруктарга барганды жакшы көрөт, секстеги адреналин жана жаңы ачылыштарды сезүүнү жактырышат. Сюрприз фактору допамин гормонунун иштелип чыгышына негиз болот, ал канааттануу жана жашоодон өзгөчө ырахат алуу сезимин күчөтөт. Мисалы, эротикалык кинодогудай эле ар бир мырза өзгөчө жерлерде секс менен алектенүүнү каалашат. Сиз андай учурда мырзаңыздын жанында башка айымдын болушун каалабайсызда, туурабы? Ошондуктан, мырзаңызга тоого эс алууга чыкканда же бассейнге түшүп жаткан учурда секс менен алектенүүнү сунуштап көрүңүз.   

9. Кыймыл – бул жашоо

Убакыттын өтүшү менен төшөк жаатында өнөктөштөр өздөрүнө ыңгайлуу 1-2 позицияны тандап алып, ошол менен чектеле башташат. Бирок, белгилүү болгондой, көпчүлүк өнөктөштөр дал ушул төшөк жаатындагы маселеден ажырашып кетишет. Жаңы, күтүлбөгөн ыкмаларды жасоодон тартынбаңыз, өнөктөшүңүздү сөз менен туура деген нукка буруп коюңуз. Мырзалар практика жүзүндө билимин кеңейткенге көңүп калышкан. Ар дайым кыймылда болуп, жаңы позаларды колдонуп, жагымдуу сезим тартуулаганга аракет кылыңыз. Бардык мырзалардын алтын эрежесин эсиңизге түйүп алыңыз: мыкты аял ашканада кожейке, конокто койдон жоош, төшөктө ойнош болушу керек.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости