www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада каржы министрлигинде тинтүүлөр өткөрүлгөнү боюнча «дуу» эткен жаңылык тарады эле, бирок, көп деле терең көңүл бурулган жок. Кеп өкмөттүн чет өлкөлүк соттордо юрист компаниясын коррупция менен дайындалганы шегинде болуп атабы?

Азыркы учурда бул маселеге башкы прокуратура кийлигишип, баардыгын токтотуп койду. Бирок, эмки айда эл аралык арбиртраж чуулгандуу «Мегаком» боюнча чечим чыгарышы күтүлүүдө. Бир канча жылдан бери ал процесске өкмөттү так ошол «Кинг Вуд» фирмасы жактап келген. Эми эки жума калганда ал фирма күч органы тарабынан кийлигишүүсү үчүн сот процессине Кыргызстандын кызыкчылыгын жактоодон четтетилип калды. Ал фирма гана акыркы документтерди сотко тапшыра алат.

Жакынкы күндөрү өкмөт бул маселени туура чечпесе, мекенибиз «Мегаком» боюнча соттон утулары анык. Ошондо 300 миллион долларды жулдуруп ийебизби? Буга ким жооп берет? Журналист Сакен Бөрүбаеванын ачуу чындыгы "АЗИЯnews" гезитинен алынды.

Булак: NazaeNews.kg

Последние новости