www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишев 28-майда HNA Aviation Investment Group компаниясынын башкы директору Чэн Минцюн менен жолугуп, кытай тарапка “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алууну жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы консул Хайнань авиакомпаниясынын учактары “Манас” аэропортун транзиттик жай катары пайдаланылса боло тургандыгын белгиледи.

Андан сырткары тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Хайнаньск авиалиниясынын өкүлдөрү Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча каттамдарды аткарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

ТИМден жолугушуунун жыйынтыгында кытай тарап сунушту жакшылап карап чыга тургандыктарына ишендиргенин белгилешти.

Учурда “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 100% акциялары мамлекетке тиешелүү. Өкмөт буга чейин өлкө бюджетин толуктоо үчүн ишкананы сатууга аракет кылган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости