www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Актау шаарынын көчөлөрүндө далысына «Эрге тийгим келет» («Хочу замуж») деген жазууну илип алган кыздар пайда болгонун жергиликтүү сайттар жазып чыкты.

Шаар тургундарынын бири өткөн жуманын соңунда ушундай жазуусу бар кагазды далысына илип алып бараткан кызды сүрөткө түшүрүп алган. Калаада ушундай жазуу менен дагы төрт кыз жүргөнү байкалган. Бул шаар тургундарын таң калтырып, «кандайдыр бир акция жүрүп жатабы?» - деп сурап жибергендер да болгон

Көрсө бул кыздар белгилүү тренер, аял-эркек алакалары боюнча бир канча китептин автору Павел Раковдун Актауда өткөн тренингине катышып, андан соң ошондой жазуу менен көчөгө чыккан экен деген божомолдор айтылган.

Казакстанда соңку жылдары түгөйүн таппаган бой жеткен кыздар көбөйүп баратканы, «кара далы» болуп калуудан чочулаган кыздар турмушка чыгуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдоно баштаганы айтылып келет.

Булак: "kadam.kg"

Последние новости