www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мусул операциясы акырына чыкты

Ирак армиясы Мусулду ДЕАШ террордук уюмдан алуу үчүн сегиз айдан бери жүргүзгөн операцияда Нури Ел Кебир мечитин  колго алды. Маалымат мечиттин кайра алынышынан кийин Ирак телекөрсөтүүсү тарабынан билдирилди. Ирак телекөрсөтүүсүнөн берилген кабарда : «Иракта  кыял курулган мамлекет кулады»,- деп билдирилди.

Мечиттин алынышы ДЕАШтын террордук башчысы Эбубекир Ел Багдадинин 2014 -  жылы лидерлигин жарыялаган жер болушу жактан мааниге ээ. Ирак күчтөрү террористтер тарабынан мунарасы кулатылган 850 жылдык мечитти жана тегеректеги жолдорду текшерүүгө алды.

Алты бомба жайгаштырылган унааны жардырган Ирак аскерлери акыркы кагылышууда ДЕАШка мүчө 45 террористти да  өлтүрдү. Ушундайча террористтер катуу турган бир канча кичине жерлердин тышында Мусул операциясы бүткөн болду.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости