www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда президенттикке талапкерлигин жылдыруу ниетинде 10дой адам бар. Мисалы, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Сооронбай Жээнбеков, Рита Карасартова, Ахматбек Келдибековдун шайлоого катышаарында эч кимде шек калган жок. Эң кызыгы, бул талапкерлер элдин элегинен өтүүдөн мурун, учурда “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди бастыра койбой, “дружба” предлагать этип атканы эмненин белгиси? Окурман журтунун эсинен чыга элек, “Ата-Журт” 2010-жылы революция жасаган бийлик партияларын артта калтырып, марага биринчи келген.

К.Ташиев 2011-жылкы президенттик шайлоодо 266 189 добуш алууга жетишкен. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Республика” менен биригип, жалпы 320 миңдей добушту ээлешкен. Ошонун ичинен К.Ташиев бир гана Жалал-Абад облусунан дээрлик 70 миң адамдын колдоосуна ээ болгон. Бирок, Камчыкени Баткени да, Ошу да колдогонун эске алсак, 150 миндей адам колдогону шайлоо жыйынтыгынан дайын болгон. Учурда, окурмандар “эмнеге Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпай жатат?”- деген суроону кабыргасынан коюшууда.

Жигит сөзүндө турушу керек. К.Ташиев быйылкы президенттик шайлоодо үчилтик (А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев) кимди чыгарса, ошону колдоорун ачык айтып, жигиттик сөзүнөн жазбай келе жатат. А үчилтик кимди чыгарат, азырынча так чечиле элек. Эмки жумада “Ата-Журттун” курултайында бул суроого чекит коюлат. Бирок, учурда, бизге жеткен маалымат боюнча, К.Ташиевге тандем түзүү ниети менен Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков кайрылып жатыптыр.

“Менин жигиттик сөзүм бар, андан кайтпайм”- деп алардын сунушуна муюбай жатканын да уктук. Канткен күндө да, Кыргызстанда эн көп электораты бар Камчыке кимди колдосо, ошол адамдын президент болуу шансы кескин жогорулай турганы бышык. Ташиевге окурмандардын айтканы шул: Камчыке, суранабыз, эл турмушун чындап жакшырта турган адамды сүрөңүз же өзүңүз чыгасызбы?

Булак: "Майдан. kg"

Последние новости