www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булактын билдиришинче, 2017-2018-окуу жылында өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүндө билим алуунун акысы жогорулабайт. Маалыматка караганда, тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 23-июнда кол койгон.

Азырынча токтомдун тексти жарыялана элек. Бирок анда жогорку окуу жайлардагы билим берүү акысы быйыл өзгөрүүсүз калары тууралуу жазылгандыгы айтылууда.

Буга чейин Өзбекстанда жыл сайын августтун аягында ЖОЖдорго тапшыруу тесттеринин жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин контракттар жогорулап келген. 2016-жылы өлкөдө билим алуу акысы 2015-жылга салыштырганда 15 пайызга көтөрүлгөн. Алсак, престиждүү факультеттердин биринде билип алуунун акысы 10 миллион сумду (көмүскө базардагы валюта курсу боюнча 10 миң АКШ долларынан ашык) түзүп калган.

– Албетте, былтыркы 10 миллион сум менен быйылкы 10 миллион сумдун айырмасы абдан чоң. Инфляция өсүп жатат. Бирок быйыл жогорку окуу жайлар студенттерди көбүрөөк кабыл алышат, алардын көбү кошумча контракттардын негизинде билим алышат. Ошондуктан президенттин жаңы токтому ЖОЖдордун бюджеттерине таасир этпейт, анткени кошумча контрактта окугандар кадимки контракттан кыйла көп төлөшөт», – деди өкмөттөгү булак.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости