www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

”Кыргызстан”партиясы шайлоо шарапатын шаңдуу башташты. Фракция жетекчиси ушул партиянын ээси Шакинин классташ досу жарма -кедей Алмазбек Баатырбеков аңтарылып, ордуна далай адамдарды аттап –буттап капчыгы кенен Бейшеналы Нурдинов келди. Капчыгы бош Руслан Чойбеков кетип, ордуна “тезкасы” Руслан Молдошев келбей, министр болуп жүргөндө тоо-кен иштери боюнча УКМКдан башы чыкпаган олигарх Замирбек Эсенаманов келди. Замирбек Эсенамановдун кызын “Кыргызстан” жаңы шайланып келген 2015-жылы Шаки менен Канат Исаев депутаттык мандатын кыйнап тапшырткан. Андан мурунураак капчыгы жука Жаныбек Исаев менен Алмазбек Эргешовдор кетишип, ордуна ай-ааламга батпай чалкышкан олигарх, мульти -миллионер Шаки менен Жаныбек Жоробековдор келишкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости