www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон бир убакта өзүнө кеңешчи болуп жүргөн Дональд Трампты аялын кызганып сабап сала жаздаганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу америкалык белгилүү журналист Тима О'Брайендин “Трамптын улуту” (TrumpNation) аттуу китебинде жазып чыкты.
“Чемпионат” басылмасынын маалыматына таянсак, 1988-жылы Трамп бокс чемпиону Тайсондун кирешелерин жана карьерасын жогорулатуу боюнча кеңешчи болуп жүргөн. Ошол учурда Майк Тайсон америкалык актриса жана модель Робин Гивенс менен жаңы үйлөнгөн.
О'Брайендин айтымына караганда Трамп менен модель Робин Гивенстин жакын мамилеси тууралуу айың кеп тарап, Тайсонго жеткен. Катуу ачууланган мушкер Нью-Йорк шаарындагы Дональд Трамптын кеңсесине барып, Трампты сабап сала жаздаганын жазып чыкты.
Эске сала кетсек, Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. “Темир Майк" спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.
Булак: NazarNews.kg