www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: “Милиция жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында COVID-19 илдети пандемиянын алдын алуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жылдын 11-мартында Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму COVID-19 илдети пандемия өсүү баскычы жеткендигин жарыялаган – бул оору баардык континенттердин көпчүлүк өлкөлөрүнө жана Кыргызстанга да жеткен.

Илдеттин дүйнөгө жайылышы жана анын өнүгүүсүнүн күңүрттүгү глобалдык гана эмес, жергиликтүү деңгээлде да күтүүсүз чаралардын көрүлүшүн талап кылды.

Буга байланыштуу, АКШ Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен, Saferworld уюмунун жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун “Милиция жана калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүк” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты.

Бул Сунуштамалар, COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча алдын алуу чаралары болуп саналат. Ушул Сунуштамалардын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан буга чейин иштелип чыккан колдонмолорду толуктоо. Алар Коомдук алдын алуу борборлор үчүн коомдук саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары менен тыгыз кызматташууну бекемдөө үчүн тутанууларга болжолдуу чара көрүү стратегиялары катары келтирилген.

Жогоруда аталган, Сунуштамалар Коомдук алдын алуу борборлорунда иштеген кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн жүрүм-турум эрежелери алдын алуу мүнөздө жазылган.

Бардык кошумча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Республикалык  штабтын расмий сайттарында жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости