www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык белгилүү актёр, режиссёр жана теле алпаруучу Михаил Ефремовго кылмыш иши козголду. Ал 8-июнда Москва шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, актёр өзүнүн унаасы менен бара жатып, каршы тилкедеги Лада унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен Ладанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ал ооруканадан өзүнө келбей каза болду.

Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгын жараткандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылат маалыматта.

Актёр Михаил Ефремов  "Диверсант", "Диверсант-2", "9-рота", "Ленинград", "Асман. Учак. Бийкеч", "Марцефаль" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.

Против российского актера Михаила Ефремова возбудили уголовное ...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости