www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам өнүгүп келе жаткан 77 өлкөнүн карыз төлөмүн алууну токтотту. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй билдирди.

"Кытай G20 өлкөлөрүнүн карыздарды тейлөө төлөмүн токтотуу демилгесине активдүү катышкан. Азыркы учурда өнүгүп келе жаткан 77 мамлекеттен карызды өндүрүүнү токтотуу жарыяланды", — деди министрдин орун басары.

Эске сала кетсек, апрель айында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик берүүсүн өтүнгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 миллиард доллардын тегерегинде. Анын 1,8 миллиарды Кытайга туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости