www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кээ бир мамлекеттердин жарандарына "Электрондук виза" порталында туристтик виза берүү функциясы убактылуу токтотулганын кабарлады.

Билдирмеге караганда, Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын Кыргызстанга келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында, ошондой эле алардын өлкөдө жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн эффективдүү алгоритмди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

"Электрондук виза" порталында Кыргызстандын визасын алуу үчүн арыз тапшыруу иш-чараларын өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Порталда туристтик визаны өз алдынча алуу үчүн арыз берүү функциясы токтотулуп, ошол эле учурда кабыл алуучу уюм тарабынан чет элдиктерди чакыруу функциясы киргизилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындай өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости