www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Россия жана Казакстандын темир жол администрациялары менен биргеликте 2021-жылдагы эл аралык каттамдарынын графигин түздү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык поезддер төмөнкү график боюнча катташат:

Бишкек — Москва каттамы, жумасына эки ирет;

Бишкек — Казань каттамы, жумасына бир жолу;

Бишкек — Новосибирск — сегиз күндө бир жолу.

"Поезддер бул график боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр үч өлкөдө тең алынгандан кийин каттай баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкана эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат бере турган болсо Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Кара-Балта, Бишкек — Токмок ички каттамдарын дагы жанданта турганын кабарлады.

Эске салсак, эл аралык темир жол каттамдары 2020-жылдын 17-мартында убактылуу токтотулган. Ал эми ички каттамдарга 25-мартта чектөө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости