www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун тарапкерлери деп эсептелген тараптардан агрессивдүү постторго жана социалдык түйүндөрдөгү коркутууларга байланыштуу чакырыктар жөнүндө билдирме таратты.

Мекеме бул жөнүндө президенттикке талапкерлигин жылдырган Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоцианалдуу деп баалаган. УКМК мындай билдирүү социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат деп эсептейт.

Атайын кызмат Асанов мындай жол менен адамдардын эмоциясына ойноп жатканын маалымдап, анын жоопкерчилиги бар экенин эскертет.

«Башка жарандык активисттер жана саясий ишмерлер да жеңил пиар үчүн ушул сыяктуу фейк маалыматтарды таратып, кырдаалды атайылап курчутуп жатат. УКМК бардык укук коргоо органдары менен бул багытта тиешелүү жумуштарды улантат. Буга байланыштуу бардык жактарды кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды, туура эмес маалыматтарды жана күмөндүү видеоматериалдарды таратуудан карманууга чакырабыз», - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Коопсуздук комитети коркутуу фактыларын укук коргоо органдарына тапшырууга үндөгөн.

Эске салсак, саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон кишилерди анын тарапкерлери «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын билдирген. Ал ушул эле күнү мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости