www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Казакстандан бул өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү тез арада алып салууну өтүнөт. Бул тууралуу 12-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушууда билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чектөө алынса кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагына кирип-чыгуусу, машиналардын каттоосу жеңилдейт эле.
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу казак тарап 2020-жылдын жаз айларында жапкан чек араларын ача элек. Бул өлкөнүн аймагына азыр учак аркылуу гана кирүүгө болот. Автомашина менен кирүү үчүн өзүнчө уруксат талап кылынат.
Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.
ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген. Казак тарап атайылап тоскоолдук жаратпаганын айтып келет.
Булак: NazarNews.kg