www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун кесепетин жоюуга Кыргызстан 1 млрд. сомдон ашуун акча жумшайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, 1 млрд. сом өлкөгө азык-түлүк алып келүүгө жана коронавирус менен күрөшүүгө сарпталмакчы. "Саламаттык сактоо министрлигине 50 миллион, обсервацияда жаткандарды караган Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 21 миллион сом, дезинфекциялоочу каражаттарды алууга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 5 миллион сом берилди. Бул вирус менен түздөн-түз алышып жаткандарга бөлүнгөн каражат", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев экономика тармагына 800 миллион сом бөлүнө турганын белгиледи. "Өкмөт Казакстандан ун жана башка биринчи кезекте керектелүчүү азык-түлүктөрдү алып келүүгө 400 миллион сом бөлдүк, эки мамлекеттик банк 200 миллиондон бөлөт. Ошол 800 миллион сомду биздин кызматты аткара турган ишкерлерге 8 пайыздык кредит менен бердик. Андан тышкары, ӨКМге дагы 200 миллион сомду бөлүүнү сунуштап, алдыңарга алып келдик. Ошонун баарын кошкондо 1,1 миллиард сом болот", — деди премьер-министр.

Эске сала кетсек кечээ, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды.Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости