www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилеби? Министрдин жообу

Бүгүн, 19-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавиурс боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. 

Жыйында министр умрадан келгендер текшерүүдөн өтүү учурунда ачууланган фактылар болгондугун билдирип: “Биз ыйык жактан келгенбиз, тазабыз, деп нараазы болушкандыгына карабай, көрсөтүлгөн тартипте текшерүү жүргүздүк. Аларды текшербегендерде, табуу кыйынга турмак. 

Алар январь айында туристтик агенттиктер аркылуу умрага учуп кетишкен.

Бул жерден ким күнөөлүү деп күнөөлүүнү издебеш керек, коронавирус өлкөдөн чыгып, жайылып жатса бир жөн, жуктуруп келип жатканын эске алуу зарыл. Андыктан баарыбыз жапа тырмак күрөшкөн туура. 

Албетте, обсервация бул мейманкана же үй шарты эмес. Бирок ал жакта душ жана бардык санитардык-гигиеналык шарттар бар. Ошондой эле үч маал тамак берилет. Медиктер күнү-түнү иштеп, медициналык көзөмөл жүргүзүүдө. Чет жактан келген онко оорулуулар, бөйрөгү ооругандарга өзүнчө изолятор даярдалган. Кош бойлуу айымдар дагы башкалардан обочолонгон изоляторго жайгаштырылууда. Обсервацияларда медицина кызматкерлери, ӨКМ иштеп жатат.

Мамлекетке өзгөчө кырдаал киргизилиши же киргизилбеши республикалык штабдын жыйынынан кийин белгилүү болот.

Айрымдар Германиядан келдим, текшерген жок деп айтып, ойноп жатышат. Биз бир фактыны текшерсек, ал Кыргызстандан чыкпаган экен", - деди министр Космосбек Чолпонбаев.

Аны менен менен бирге коомдук активисттер тартипти, тазалыкты сактоо аркылуу коронавирусту жеңүүгө болоорун билодирип, коронавируска каршы күрөшүү үчүн эсеп ачуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости