www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү коронавирус менен күрөшүп жаткан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берерин жергиликтүү басылмалардын бирине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айтып берди.

Вице-премьердин айтымында, буга чейин Кытайдан жардам берүү өтүнүчү менен кат келген.

"Коңшулар дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет каптан кол кабыш кылгыла деп көптөгөн мамлекеттерге кайрылуу жиберген. Бизге дагы ШКУ мүчөсү катары ошондой кат келген. Биз жооп катары жардам берүү ниетибизди билдиргенбиз, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди ал.

Эске сала кетсек, бир нече күн мурда министрлер кабинети Кытайга гуманитардык жардам берүүгө камданып жатканын билдиришкен.

Өмүрбекова кошумчалагандай, кыргыз тарап Кытайга тамак-аш жагынан дагы жардам кылышы мүмкүн. Учурда тиешелүү органдар тарабынан өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости