www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лолитанын адвокаты Сергей Жорин ырчынын мурунку никедеги бешинчи күйөөсү Дмитрий Ивановду текшерип берүүнү талап кылып полицияга кайрылган. Ал Дмитрийдин алган Орусия жарандыгы жасалма (фиктивный) деп эсептейт.

Лолита Ивановго 2010-жылы турмушка чыгып, ал ырчынын бешинчи күйөөсү болгон. 2019-жылы Иванов ажырашууга арыз берген жана Лолита күйөөсү көзүнө чөп салганын билип калган. Ырчынын адвокаты Сергей Жорин Белоруссиянын жараны Дмитрий Иванов буга чейин Россиянын жарандыгын алыш үчүн москвалык аялга жасалма үйлөнгөндүгүн айтып чыкты.

Ырчынын адвокаты айтымында полиция кызматкерлери арызды экичи жолу кайрылганда гана алышкан.

“Биздин маалымат боюнча, жубайлар чоогу жашашкан эмес. 2009-жылдын 29-майынан 2010-жылдын 12-январына чейин, жети ай жасалма никеде турушкан. Беш айдан кийин, 22-октябрда никеге тургандан кийин Иванов РФнын жарандыгын алган. Андан кийин бир жарым ай өтүп, ажырашуу арызы менен кайрылган”,-деп Сергей Жорин билдирди.

Белгилей кетсек, Дмитрий Иванов НТВ телеканалынын “Звезды сошлись” программасында Москванын тургуну менен никеде турганын айтып, мурунку жубайы менен суктанаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости