www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жер-жерлерде ишкерлерди колдоо өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышуу учурунда. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кант-Сүт» ЖЧКсы сүт иштетүүчү ишканага барган Мамлекет башчысына ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 140 тоннаны түзөөрүн маалымдашты. Ишкана өлкөнүн сүт өндүрүшүнүн алдыңкы сабында турат, анын продукциясы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттолот.

«Кант-Сүт» ЖЧКсы 302 адамды жумушчу орду менен камсыздайт. 2019-жылдын жыйынтыгы менен ишканада сатуунун көлөмү 644 млн сомдон ашып, бул көлөмдөн 148 млн сомдон ашык каражатка продукция экспорттолгон.

Президент ошондой эле инкубациялык жана тамак-аш жумурткаларын, суткалык жөжөлөрдү өндүрүү менен алектенген «Три Т» ЖЧКсы асыл тукум канаттуулар заводунун ишмердиги менен таанышты.

Ишкананын өндүрүш ишмердигинде заманбап немец жабдыктары колдонулуп, таза, сапаттуу продукция алынаары белгиленди.

Ишканада 95 киши эмгектенет. 2019-жылы ишкана тарабынан өндүрүмдүн көлөмү 250 млн сомду түздү. Ошондой эле «Три Т» ЖЧКсы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге продукциясын экспорттой алган уюмдардын реестрине киргизилген.

Мамлекет башчысы ушундай ишкерлердин аракеттери менен аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү камсыздалып, жаңы жумушчу орундары тузүлүп, ички миграция кыскарып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишкерликке ар тараптуу жардам көрсөтүү, берилип жаткан жеңилдетилген насыялардын көлөмүн жогорулатуу, бизнести жер-жерлерде жүргүзүү үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости