www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдөн келген 206 качкын Кыргызстандан баш паанек алды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында, баш паанек алгандардын басымдуу бөлүгү Афганистандын жарандары.

"2020-жылдын 1-январына карата өлкөгө Афганистандан 90 киши, Сириядан 79, Украинадан 23, Ирактан 6, Тажикстандан 4, Ирандан 2, Мороккодон 1, Эфиопиядан 1 адам келген. Баары Кыргызстандын чек арасына келгенден кийин баш паанек сураган. Аларды алгач УКМКнын кызматкерлери барып текшерип, андан соң бизге кабарлайт. Биз 72 сааттын ичинде качкын макамын берүү маселесин карайбыз. Бул макамды алгандардын саны 1000ге чейин жеткен, бирок көбү кайра Европага кетип калышкан", — деди Ибраимжанов.

Мындан сырткары, ал Тажикстандан этникалык кыргыздар жана согуш болуп жаткан өлкөлөрдөн качкындар келгенин билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын статистикасы боюнча 2942 кыргызстандык чет мамлекеттен баш паанек сураганын билдирди. Бул сандар Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан 2018-жылга чейинки убакытка карата алынган.

Миграция кызматынын башчысы 12400 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө квота берилсе, анын 8900үн кытайлык жарандар алганын айтты.

Бирок бүгүнкү күндө кытайлыктардын 1953ү гана жүрөт, калганы жаңы жыл майрамына карата мекенине кетип, чек ара жабылгандан кийин келише электиги кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости