www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар соңку эки жылда 1876 адамга көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда,  акыркы 2020-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ жуктурган 9680 адам расмий каттоодо турат. Ал эми алардын 680и  14 жашка чейинки балдар, 532си чет элдиктер.

6-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасынын (ЮНЭЙДС) атайын кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолукту. Жолугушууда 2021-жылга карата кыргыз өкмөтү ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу учурларын 50% кыскартуу максатын коюп жатканы белгилүү болду.

Өмүрбекова Кыргызстанда ВИЧке каршы 2017-2021-жылдарга карата программа иштеп, бул илдетке чалдыккандарды аныктоо, жардам берүү ишин жакшыртуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

Эске салсак, бул илдет алгач Кыргызстанда 1996-жылы аныкталып, ошол жылдан бери 2049 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости