www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү.

Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган.

ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен Казакстан турат.

Орусия менен Казакстан Кыргызстандын товарларын өткөрбөй, артка кайтарган учурлары да бир топ.

Булак: "Азаттык"

Последние новости