www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.
Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.
Маалымат катары:
Долбоордун максаты — Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн натыйжалуу өлчөө максатында салыктарды чогултуунун жана улуттук статистика системасын модернизациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Долбоордун жалпы наркы — 35 млн. АКШ доллары, анын ичинде ЭѲАнын Кредити — 17,5 млн. АКШ доллары, ЭӨАнын Гранты — 17,5 млн. АКШ доллары.
Кредит берүүнүн мөөнөтү — 38 жыл, анын ичинен 6 жылы — жеңилдетилген.
Пайыздык чени — жылдык 0,75%.
Иштетүү мөөнөтү — 5 жыл.
Аткаруучу органдар — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
Булак: NazarNews.kg