www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана ичинде 550 балапан күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда көп кабаттуу үйдүн жанында токтоп турган Фольксваген Транспортёр жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Москва районунун Беловодск айылында 50 сотых арпа талаасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара тилкесинде 4 сотых куураган чөп жана 8 түп бак күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости