www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумуртканын ичиндеги сары заты жөтөлдү сакайтат

"Жумуртканын ичиндеги сарысы - ысык жана нымдуу.

Ал кандын саламаттыгын чыңдайт, бирок анын курсакты ток кармоочу азыктык сапаты жок. Мындан сырткары, эгерде ал жумшак болсо, ал ашказанга тез эле синип кетет.

Бир аалым мындай деген:

"Жумуртканын ичиндеги сары заты ооруну басаңдатат, тамак менен кекиртекти тазалайт, жөтөлдү сакайтат, өпкөдөгү, боордогу жана эркектик урук чыктагыч безиндеги жараларды айыгуусуна жардам берет".

Эгерде жумуртканын белогун көзгө тамчылатуучу суюк даары катары пайдаланса, анда ал көздун ичиндеги ысык шишиктреди муздатып, ооруну басат. Эгерде аны бетке сүйкөп шыбаса, ал күндөн күйүп калган тактарды кетирет. Эгерде аны менен мандайды майласа, анда ал белок ич кан өтүү (дезинтерия) оорусун даарылоого жардам берет.

"Ал-Канундун" автору жумуртканы ошондой эле жүрөк даарыларынын катарында да атаган. Ал минтип жазат:

"Жумуртканын сарысы жүрөктү абдан жакшы кубаттандырат. Анын төмөнкүдөй жакшы үч касиети бар:

1)Ал канга тез сиңип кетет
2)Ашыкча калдык чыгарбайт
3)Канды жакшы тазалайт.

Жумуртканын ичиндеги сарысы - руханий ооруларга каршы эн ылайыктуу каражат болуп саналат".

"Мухаммад Пайгамбарыбыздын Медицинасы" китеби

Булак: NazarNews.kg

Последние новости