www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-сентябрь күнү Сауд Арабия Падышачылыгынын Медина шаарындагы кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди.  Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы маалымдады. 

Куран китептен жалпы саны 34 миң даананы түзөт. Китептер диний окуу жайларга, өлкөнүн ар бир мечитине бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Куран китебин Кыргызстанга алып келүүдө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бир катар мамлекеттик мекемелерге, мекендештерге Муфтияттын атынан жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн жуманын улук күнүндө Сауд Араб Падышачылыгы тарабынан Кыргызстанга белек катары жиберилген Ыйык Куран китебин кабыл алдык. Бул китептер өлкөнүн бардык аймагындагы мечиттерде акысыз таратылып берилет. Китепте атайын мөөр басылган. Куран — Алла Тааланын эң акыркы улуу белеги жана нээматы. Бул китеп жашоонун жолдомосу, акыретте дагы түбөлүктүү бактылуу кыла турган ыйык китеп»,-деди Азирети Муфтий.

Булак: muftiyat.kg

Последние новости