www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетке тараган кызматкерлер боюнча видеотасма Токтогул районунун аймагында июль айында тартылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Интернетке тараган кызматкерлер боюнча видеотасма Токтогул районунун аймагында июль айында тартылган жана формачандар Токтогул РИИБинин кызматкерлери экендиги такталып, учурда Кыргыз Республикасынын ИИМинин ички коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мас абалындагы милиция кызматкерлери унаа башкарып бара жаткандагы видеотасма Фейсбук баракчасында тарап, талкууга алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости