www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өлкөсүнө Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги тарабынан кезектеги гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда Пакистан тарабынан тапшырылган жардамды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев кабыл алды.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 18 миң доллар, салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн керектүү дары-дармектерди жана медициналык коргонуучу каражаттар берилди.

Министрликке колдоо көрсөткөн Пакистан өлкөсүнүн элчиси Эрик Бейшембиев "Бул биздин биринчи жардамыбыз эмес. Бүгүнкү гуманитардык жардам акыркысы да эмес. Алдыда дагы жардам көрсөтө бермекчибиз", - деп билдирет элчи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости