www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Кубан Чороевдин шайлоочуларынын кол тамгаларынын тизмесин кабыл албай кобшу мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева маалымдады.

Анын айтымында, текшерүү учурунда талапкер барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган.

Мыйзамда кол топтоо талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат деп айтылат. Кол топтоо баракчаларын түзүүгө жана кол топтоого байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгалары камтылган баракчаларын акча төлөнгөн күндөн гана тартып чогултууга болот.

2017-жылы бул норма БШКнын регламентинде камтылып, андан кийин мыйзамга кирген. Талапкердин шайлоо фонду бар болчу, ал басмаканадан баракчаларды алгандан кийин эле дароо акчасын төлөшү керек болчу. Бирок, ал төлөмдү 3-декабрда, кол коюу баракчаларын тапшыруунун акыркы күнү гана жасаган. Жалпысынан мыйзамда эмне үчүн мындай талап бар экени белгисиз», - деп белгиледи Гүлнара Джурабаева.

Анын айтымында, БШК акыркы чечим чыгарардан мурун кол тамгалары бар бардык папкаларга мөөр басылган. "Ага шайлоо жарышына катышууга тыюу салынышы мүмкүн" деп кошумчалады БШК мүчөсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости