www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңеш кечээ күнү – депутат Акылбек Жапаров сунуштаган референдум тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады. Ал долбоор – апрелде Курманкул Зулушев алып чыгып, 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүп, ошого сунуштаган долбоорго окшош. Акылбек Жапаров 23-ноябрда Садыр Жапаров жасаган сунушту ишке ашырып жатат.

«Парламентте бүгүн мыйзам долбоору турат, жаңылышпасам, ушу былтырларыбы бекен, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз парламентке киргизген, референдумга чыгаралы деп – парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкарууну каалайсыңарбы деп элден сурап алалы деп... И ушул суроону элден сурап алыш керек – президенттик тартипти каалайсыңбы же парламенттиктиби. Экинчи графасында – аралашма каалайсыңбы, же партиялык шайлоону каалайсыңбы? Мына ошондон кийин анан жалпы элдин үнүн уксак», – деген Садыр Жапаров «Жетинчи каналга» берген интервьюсунда.

Конституциялык түзүлүш боюнча парламенттик комитет жыйын өткөрбөсөн, бул долбоорду сурамжылоо аркылуу жактырыптыр. Комитет төрагасы Канат Керезбеков көптөн бери өлкөдө жок, пленардык жыйында долбоорду анын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жактады жана аны биринчи окууда кабыл алууга жиберүүнү сунуштады. Бирок талкуу учурунда айрым депутаттарда орчундуу суроолор пайда болду.

«Мына азыр мага чейинки коллегалар суроо берди да – эгерде Конституциядагы башкаруу түрүн эл өзгөртүп берсе, эл колдоп берсе, парламенттикпи же президенттикпи, анда 2 мөөнөт 5 жылдан деп атасыңар. Азыркы президент, 10-январь күнү шайланган президент катыша алабы ошого?» – деп суралы Акылбек Жапаровдон кечээ күнү депутат Сайдулла Нышанов.

Долбоорду сунуштаган Акылбек Жапаров коюлган суроого так жооп бербестен, референдум өтсүн, Конституциялык кеңешме жаңы баш мыйзамдын долбоорун даярдап бүтүп, аны парламентке тапшырсын, мүмкүн, аны жаңы шайланган Жогорку кеңеш талкуулайт, а балким, ага чейин биздин жыйын да отура берет, анда азыркы Конституция күчүндө болот дегендиктен, коюлган суроого Нышанов өзү жооп берди:

«Так жооп азыр деле бар. Биздин бүгүнкү Конституцияда – президент бир гана жолу шайлана алат дейт... Бул шайланган президент, 10-январь күнү кудай буюруп, шайланса, кийинки президенттик шайлоого катыша алабы, катыша албайбы – Конституция өзгөрүп, жаңы шайлоо болсо?... Бүгүнкү Конституция менен шайланган президент кийинкиге катыша албайт, себеби – Конституцияда так жазылып турат – президент бир гана жолу шайлана алат деп», – деди кечээ күнү Нышанов.

Талкуу учурунда маселе чечилбестен калды, бирок соңку тарыхта деле мисалдар бар. Аскар Акаев президент болуп алгач 1990-жылы парламентте шайланган. Бир жылдан кийин, 1991-жылы ал жалпы элдик шайлоодо жеңип чыккан. 1993-жылы Конституция кабыл алынгандан соң ал легитимсиз сыяктуу болуп калган, бирок мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, кийин 1995чи жана 2000-жылы эки жолу президент болуп шайланган.

Акаевдин катасы – 1993-жылы Конституция кабыл алынаары менен ал жаңы президенттик шайлоо өткөрсө болмок. Мисалга, Вацлав Гавел президент болуп алгач 1989-жылы шайланган, андан соң жаңы түзүлгөн парламент бир жылдан кийин, 1990-жылы, аны кайра шайлаган. Анан 1993-жылы Чехословакия 2 мамлекетке бөлүнгөндө, Гавел ошол эле 1993 жылы жаңы шайлоо өткөргөн жана ошондон кийин 1998-жылы экинчи мөөнөткө шайланган.

Гавелди үлгү кылсак, 10-январда Кыргызстандын президенти болуп 6 жылга шайланган адамдын жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин легитимдүүлүгү азаят, бирок ал ошондон кийин жаңы президенттик шайлоо өткөрүп, 5 жылдык мөөнөткө 2 жолу шайланса болот. Биринчи шайлоо 2021-жылы да өтүп калышы мүмкүн. Ошондо ал адамдын президенттиги бардыгы болуп 10 жыл эмес, 11 жылга уланып кетиши мүмкүн.

Гавел президент болуп 5 жылдан 2 жолу – 10 жыл эмес, 14 жыл отурган. Акаев 5 жылдан 2 жолу – 10 жыл эмес, 15 жыл отурган. Айырмасы болгону бир эле жыл, бирок Гавелди бүткүл дүйнө чыныгы демократ катары тааныйт, Акаевди болсо биз узурпатор дейбиз. Маселе – 2005-жылы өтө турган президенттик шайлоого Акаев катышпайм десе дагы, ага эч ким ишенбей калган жана ошол себептен аны өлкөдөн кууп чыккан. Кыргызстандын жаңы президенти Акаевден эмес, Гавелден үлгү алса. Кеп ошондо.

Нарын Айып

Булак: NazarNews.kg

Последние новости