www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профсоюздар федерациясында кайрадан башаламандык

Социалдык фонд тарабынан каржыланган органды баш ийдирүү кыйынга турбаса керек. Мындай пикирин жарандык активист Тилек Рыскулов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Мындай башаламандык качан токтойт? Кыргызстан профсоюздар федерациясында кайрадан башаламандык! Буга чейин иштеп жаткан Мирбек Асанакуновдун жамаатын, кечээ 74 жаштагы Сагынбек Бозгунбаевдин жааматы Профсоюздар уюмунан айдап чыгышты.

Өткөндө өлкө башчысы менен журналисттер жолугушканда профсоюздар боюнча маселе да көтөрүп, министрлер кабинетине же президенттик аппаратка баш ийе турган орган болсун деп сунуш бергем. Социалдык фонд тарабынан каржыланган органды баш ийдирүү кыйынга турбаса керек. Болбосо мындай басып алуучулук, башаламандыктын токтой турган түрү жок», - деп белгилеген Рыскулов .

Булак: NazarNews.kg

Последние новости