www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда азырынча коронавирустун "омикрон" штаммы аныктала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы каттала элек. Үлгүлөрдү Новосибирскке жөнөтүп, анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жыйынтыгы ушул жуманын этегинде же кийинки жуманын башында белгилүү болот", — деди Бектурганов.
Ал министрлик коронавирустун бул түрүнө каршы турууга даяр экенин белгиледи.
"Оорукана, лаборатория жана башка медициналык мекемелер толугу менен даяр. Былтыр өлкөдө 2 миң ПЦР-иликтөө жасасак, быйыл бул көрсөткүч 12 миңден 18 миңге жетти. Былтыр 2-3 эле лаборатория болсо, азыр алардын саны 17ни түзөт. Мындан сырткары, бардык облуста 10 лаборатория салынып жатат. Алар жаңы технология менен иш алып бармакчы" — деди министрдин орун басары.
Бектурганов аэропорт жана темир жол бекеттеринде коронавирус менен күрөшүүгө багытталган санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталганын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg