www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылабы?

Медициналык ЖОЖдорду текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктай элек. Буга Коопсуздук кеңешинин комиссиясынын катар иштеп жатканы себепкер экенин президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинен билдирди.

23-декабрь күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанда лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген медициналык окуу жайларды жабуу сунушу киргизилерин айткан.

"Бир дагы ЖОЖ менен ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон жок. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги лицензиялык макулдашуулар боюнча документтерди бере элек", — деди кеңештен.

Маалыматка караганда, комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча серепчилердин жана ЖОЖдордун адистеринин, Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусунда коомдук консультациялар өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости