www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Павлодар облусунда окуучулар бараткан автобус өрттөндү. Маалыматка караганда, салондо алты бала болгон. Эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Павлодар облусунун өзгөчө кырдаал департаменти кабарлады.

Окуя 23-декабрда Павлодар облусундагыЕфремовка менен Даниловка айылдарынын ортосундагы трассада болгон. Аймактагы билим башкармалыгынын маалыматына караганда, өрт чыккан учурда микроавтобуста алты окуучу менен жетекчиси жана айдоочу болгон. Алар автобустан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Анлан соң окуучулар үйлөрүнө жеткирилген.

Интернетте жарыяланган видеодо автобустун күйүп жатканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаал департаментинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, куткаруучулар келгенден кийин өрт өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча автобус электр зымдарынан от тутанып, өрт чыккан.

9-декабрда Актау шаарында ондогон бала отурган автобус өрттөнгөн. Эч ким жабыркаган эмес. Балдарды автобустан түшүрүүгө жолоочулар көмөктөшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости