www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Украина орус президенти Владимир Путиндин "Киев Украинанын чыгышында аскердик операцияга даярданып жатат" деген мүнөздөгү билдирүүсүн четке кагышты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки орус-украин чегинде бир гана Орусия агрессиялык аракеттерге жол берип жатканын айтты.

"Украина менен Орусиянын чек арасында биз күбө болгон бир гана агрессия бар. Ал орус тараптын аскерлерин топтоп жатышы жана орус лидеринин кастык маанайдагы риторикасы", - деп билдирди бейшемби күнү Жен Псаки.

Ал НАТО коргонуу максатын көздөгөн уюм экенин, анын башка бир максаты бар экенин күбөлөгөн эч кандай далил жоктугун кошумчалады.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко да Путиндин айткандары суу кечпей турганын белгиледи.

Путин 23-декабрдагы маалымат жыйынында Украина Донбасста аскердик операция даярдап жатышы мүмкүндүгүн, Москва "мындай коркунучту" көз жаздымда калтырбай турганын айткан.

Соңку жумаларда АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер жайгашканы боюнча кооптонуп, коңгуроо кагып жатышат. АКШнын расмий бийлиги Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости