www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген тоок жумурткасы жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жолу менен ташылып келген 35 миң 400 даана, 2 миң 360 кг тоок жумурткасына Баткен облусундагы ветеринардык инспекторлор тарабынан ветеринардык текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө ветеринардык коштоочу документтеринин жоктугу жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында ветеринардык инспекторлор тарабынан Баткен облусундагы бажы жана чек ара кызматкерлеринин катышуусунда жок кылуу актысы түзүлүп, жумурткалар жок кылынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости