www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшемби күнү Жогорку Кеңештеги 6-чакырылыштын депутаттары акыркы жыйынын өткөргөнүнө күбө болгон элек. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, 6-чакырылыш тарыхый миссия аткарганын билдирген болчу.

Маалыматтар боюнча, кечээ жаңы шайланган парламент өз ишин баштап, төрагасын шайламак. Бирок, белгисиз себептер менен БШК тарабынан мандаттар берилбей, жыйын кийинки жумага жылып калды.

Кээ бир серепчилер төрага шайлоо талашынан улам артка жылдырылганын айтышууда. Ак үйдөгү эки клан жаатташып, бир тарабы Нурлан Шакиевди сүрөсө, экинчилери Талант Мамытовду колдоп жатканы канкууланууда. Кимиси жеңерин келерки аптада көрөбүз.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости