www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагындагы эксперт Расул Үмбеталиев Түркмөнстандан Кыргызстанга импорттолуп жаткан электр энергиянын баасы 2,05 сом/квт.саат экенин билдирди.

Ал Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууга 11-августта кол коюлганын жана жыл соңуна чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн квт.саат электр энергия берерин эске салды.

«Түркмөнстан августта 98 млн квт.саат, ал эми сентябрда 25 млн квт.саат экспорттоду», - деди ал.

Ал Кыргызстандын Энергетика министрлиги Түркмөнстандан электр энергияны канча сомдон сатып алып жатканын айтпай атканын белгиледи.

Анын айтымында, Түркмөнстандан 501,9 млн квт.саат электр энергия 0,02 доллар же 1,699 сомдон (1 квт.саат үчүн) импорттолууда. Анын жалпы баасы 10 млн 38 миң доллар же 852,2 млн сом болот.

Ошондой эле электр энергия Өзбекстандын «Улуттук электр тармактары» компаниясы аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, транзит үчүн 1 квт.саатка 0,00422 доллар же 0,357 сом төлөнөт. Транзит үчүн жалпы 2 млн 118 миң доллар же 180 млн сом төлөнүп берилет.

«Ошондо Түркмөнстандан сатылып алынган электр энергиянын баасы 1 квт.саат үчүн 0,2422 доллар же 2,05 сомдон айланат. Кыргыз тарап жалпысынан 12 млн 156 миң доллар же 1 млрд 33,2 млн сом сарптайт», - деди эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости