www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Мичурина көчөсү таштандыга толуп кетти. Бул тууралуу окурман билдирди.

Анын айтымында, акыркы 10 күн ичинде айылды таштанды каптап кеткен.

«Урматтуу Чүй облусунун губернатору Эркин Саткынбаевич, биздин тазалык системасына көңүл буруп, маселени чечип бериңиз. Ушундай чоң райондо таштанды таштаганга жер жок болуп калдыбы? Эгерде жакынкы күндөрдө бул маселе чечилбесе, анда бул жер таштандыканага айланат. Бул өзүңүздөргө деле аброй алып келбейт», - деген окурман.

Эске салсак, NazarNews маалымат агенттиги буга чейин Чүй облусунун губернатору Эркин Тентишев менен Чүй облусундагы жер транформациялоо маселеси боюнча маалымат алалы дегенде ал интервью берүүдөн баш тарткан. 

Ал эми облус бачысынын пресс-катчысы социалдык тармакта жетекчисин пиар кылуу менен алек болгону менен, журналисттерге маалымат берүүдөн качып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости