www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов менен Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова телефон аркылуу сүйлөшүп, Кордай районунун Масанчи айылындагы адам өмүрүн алган кайгылуу чыр-чатак талкууга алынды. Атап айтканда, Кыргызстанга убактылуу баш калкалоого келишкен, кайрадан Мекенине кайтып жаткан адамдардын маселелери талкууланды. Бул тууралуу маалыматты Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчы учурда Казакстандан келген жарандар Токмок шаарынын жана Ысык-Ата районунун калктуу конуштарындагы тургундардын үйлөрүнө жайгаштырылганы, жергиликтүү бийлик органдары жана КР ЖК айрым депутаттарынын ыкчам аракеттеринен улам аларга тиешелүү кам көрүлдү. Ошондой эле КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү да кол кабыш кылышты. Казакстандан келген адамдарга өз убагында зарыл болгон гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүлдү. жарандарга тургундарынын сообщил о том, что в настоящее время граждане.
– Мындан сырткары КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жана коомдук башталыштагы жардамчылары жана кеңешчилерин кошо алганда болуп жаткан процесстерге мониторинг жүргүзүп жатышат. Кыргызстандын Омбудсмени менен Казакстан Омбудсменинин аппараттарынын өкүлдөрүнүн биргелешкен аракеттери туруктуу негизде жүрүп турат. Кордай районунда өзгөчө кырдаал киргизилгенинен жана Казакстан бийлиги тарабынан абалды көзөмөлдөөсүнөн улам абал турукташып, Казакстандын жарандары Мекенине кайтып башташты,-деп маалымдады Токон Мамытов.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Акыйкатчысы өзүнүн Казакстандагы кесиптешине Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кезексиз отуруму болгонун, анын жүрүшүндө учурда өлкөбүздө турушкан Казакстандын жарандарына андан ары гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери талкууланганын кабарлады.
Өз кезегинде, Эльвира Азимова эки мамлекеттин мамлекеттик түзүмдөрүнүн, айрыкча Чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлеринин жана милиция кызматкерлеринин ырааттуу иштерин белгилеп, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана бийлигине Казакстан жарандарынын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg