www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Анарбек ага, 10 жылдан ашуун Америкада жашап келесиз. Мекенге болгон кусалык, сагынычты кантип жазасыз?
 -Ооба, менин Америкада турганыма 10 жыл болсо да жүрөгүм Ала - Тоолуу Ата Мекен деп дегдеп турат. Ошондуктан, мүмкүнчүлүк болгондо эле Кыргызстанга жөнөп калам. Мындан 3 жыл мурун барып келгем. Эл - журт менен учурашып дегендей, айлымды кыдырып, коноктордо болуп кусамды таратып, жамандык - жакшылыктарына катышып, жашоо турмушун көрүп келгем. Буйруса, эми дагы барам деген ойдомун. Эмдиги жылы барууга камынып жатам. 
- ИИО тармагында бир топ жыл эмгектендиңиз. ардактуу эс алуудасыз. Азыркы Кыргыз милициясынын иши менен алыста болсоңуз да тааныштырсыз. Кандай баа бере аласыз? 
-Ички иштер органдарында көп жыл иштеп калдым. Албетте, ал кезде тартип катуу эле. Эсимде, 1995-96-жылдары Молдашев Мадалбек министр болуп келгенде тартип өтө катуу болчу. Шаар ичи тыптынч болуп калган. Ар бир көчө көзөмөлгө алынып, мас болгон бирөө - жарым болсо «Эс алдыруучу» жайга жөнөтүлчү . Ар бир кызматка келгендер катуу текшерүүдөн өтүп, ата - тегинде соттолгондор болгонбу, же жокпу делинип өзүнчө кругозору, аркы теркиси текшерилчү. Ар бир уюмдан тандалып сынактан өткөндөр органга алынчу. Мен КСЭден жакшы деген күбөлүк кат менен ИИМге киргем. Азыр билбейм. Ал кезде азыркыдай тааныш-билиш менен келгендер сейрек болчу. Айрыкча, СССР кулагандан кийин чоңдор өз тааныштарын ала башташканы эч кимге деле жашыруун эмес го? Бирок, мындай терс адат азыр кан буугандай токтоду деп угуп жатам. Анан да, ИИМде иштегендер форма менен гана жүрчүбүз. Азыр форма кийбей деле жүрө алышат. Демократия бар.

-Сиздин “Турмуштан тамган тамчылар” деген апаңыз Жамыйлага арнаган китепчеңизде мына мындай учкул сөздөр бар экен: “Бир ууртам суунун кадырын-денизде жүрсөң билээрсиң. Аргымак аттын кадырын-өгүзгө минсен билээрсиң.” Сиз азыр суунун да, аргымак аттын да анан мекендин да кадырын билип жатсаңыз керек? 
- «Турмуштан тамган тамчылар» деген жыйнагым апамдын 80 жылдыгына арналган эле. Жыйнагымдагы, «Бир ууртам суунун кадырын деңизде жүрсөң билээрсиң, аргымак аттын кадырын өгүзгө минсең билээрсиң»-дегенимде, же «Басар жолуңду, барар жериңди аныктап албасаң өмүрүңдө көп адашасың» -деген кыска саптарымда айтканым туура чыкты... Мен чын эле кыйналдым. Ар дайым турмуштан жол издеп, өзүмчө кыялдана берчүмүн. Пенсияга чыксам, эл көрүп, жер кыдырсам деген үмүтүм ишке ашып жатат. Ошол кыялым 2008-жылы ишке ашып, «Салам, Америка!»-деп Нью - Йорк шаарына келип калгам. 
- Ошол эле китепчеңизде сиз: «Өткөн жолуңду, барар жериңди аныктап албасаңөмүрүңдө көп адашасың» дейсиз. Сиз эл жерден алыстап кетип, адашкан жоксузбу? 
- Эл-жерден алыста болсом да «Адаштым» деген ойдон алысмын. Анткени, күнүгө эртең менен турганда бир маал «Кыргызстаным, кандай жатасың? Түнүң тынч, күнүң бейпил болсун» деп, өзүмчө болгондо кобурап алам... Көз алдыма кырка тоолор тартылат. Мен тоодо чоңойгом. Менин жүрөгүм Ала-Тоону көксөп согуп турганын билем. КЫРГЫЗСТАН - МЕКЕНИМ БОЛСО, КИЧИ МЕКЕНИМ – ҮЧ-ТЕРЕК экенин кантип унутам. 
- Анан дагы Сиздин: “Кээ бир ит мүнөздүү адамдар башына конгон бакыт кушунан качса, кээбир куш мүнөз адамдар ошол бакытты таба албай дүйнө кезишет” деген пикириниз бар. Сиз да азыр бакыт издеп дүйнө кезип жүрөсүз ошол бакыт деген нерсе бар бекен? 
- Ал эми, «Кээ бир ит мүнөздүү адамдар башына конгон бакыт кушунан качса , кээ бир куш мүнөз адамдар ошол бакытты таба албай дүйнө кезишет « деген пикиримде калгам... Бакытты издеген адам табат... Мен « Бакытты « эмгектенүү деп эсептейм.. Кайда жүрсөм да, элиме эмгегим арналат... Чоң эмгегимди жаратсам, ошол менин Мекенге кошкон салымым болот...

- Сизде азыр кыргыз милициясы менен макталган АКШнын полициясын салыштырып, жакшы жаман жактарын байкоого мүмкүнчүлүк бар. Ушул жагдайда кеп козгосоңуз? 

- Биздин милиция - элдик милиция ! Ал эми, Америкадагы полиция - мыйзамдын полициясы. Анткени, полиция мыйзамдуулук бузулган жерге гана барат. Көчөдө жөө жүрбөй, машина менен тынымсыз көчө аралап кыдырып турушат. Күнөө кылсаң, тууган экенине карабайт. Пара бере албайсың да, пара берди деп камап коюшат. Бирөөлөр Аэропорттон кармалганда, 5 миң доллар сунуш кылса, «Пара» берди деп 10 -жылга отургузду. Америкада полиция айына 10 миң доллардан өйдө айлык алышат, аларга көп жеңилдиктер каралган. Ошондой эле Американын армиясында кызмат кылгандар... Жогорку окуу жайдан бекер Окушат Жеңидиктери көп Ошондуктан , полиция мыйзамда эмне жазылса ошону гана аткарышат. Улутуна, расасына, кай жерлик экениңе карабайт... Мыйзам бузсаң болду. Колуңа кишен салып алып кетет. Кээде, бутуңа «Электрондук чип» дегенди тагып койсо, кайда басканың, кайда жүргөнүң аларга көрүнүп турат 
Биздеги демократия менен АКШдагы демократиянын айырмасын сезе алдыңызбы? Америка деген дүйнө жүзүндөгү бардык элдерден куралган федерациялуу өлкө... Эчтекеден коркпой, 200 жылдан бери демократия жолунда келе жатканын айтышат - - Көчөлөрдөн мас болуп жаткан алкашты, кайыр сурап олтурган бомжду көрө алдыңызбы. Аларга ал жакта кандай мамиле кылышат? 
-Бул Нью-Йорк «Дүйнөнүн борбору» аталып, миллиондогон адамдар келип-кетип турса да, мас болгон, кайыр сураган адамды көрбөдүм... Көчөдө, айрыкча Манхеттен дин өзүндө эл быкбырдай эле кайнап, кумурсканын уясын эске салат. Элдер суудай агылып турганын көрөсүң ! Нью-Йоркто, Манхеттенде же Бруклин районунда болобу, кайсы жерди албаңыз бардык жерде «СОЦБОРБОР бар. Ал жерден колунда жоктор ысык тамак ичип, эс алышып кетишет... 
- Кыргыздар бул өлкөдө өздөрүн кандай сезишет? Иштеп кетсе, жашап кетсе болчудайбы?
- Ал эми , Кыргыздар Америкада башкалардай эле өздөрүн эркин сезишет.. Америкада жашаган 25 - миңге жакын кыргыздардын ичинен 5 миңинин гражданствосу, грин-карды барлар. Кыргыздар гана, Америкада аз, өзбектер болсо, 50 миңден ашат. Супермаркет, магазиндери бар.
- Сиздин: «Бир эле мезгилде эки кемеде сүзөм дебе» деген учкул сөзүңүз эске түшүп турат. Сиз азыр ошол эки кемеде сүзгөнгө аракет кылган жоксузбу? 
-Албетте , алыскы океандын артында, жердин наркы бетинде жүргөнүм менен эртели-кеч калем жорголоп, тынчтык бербей «Жаз-жаз» дегендей белги берип турат. Жазалбай туралбайм. Поэзиянын гүлдөрүн тергим келет . А бирок, мен болсо башкалардай эле бир кемеде келатам... 
- Талант адамды уктатпайт дейт, талантыңыз кытыгылап, келемиңиз жорголоп дегендей чыгармачылыгыңыз кандай болуп жатат? 
-«Талант адамды уктатпайт» деген сөз чындык. Мен чынын айтсам, эки күндөн бери уктай элекмин. Ал эми чыгармачылык болуп жатат алынча. Оюмда «Американы аралап»-деген ат менен бир чоңураак нерсе жазсамбы деген ой бар. Алдын ала мактанган туура болбойт го. 

Маектешкен Нармырза Калыбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости