www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталган «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

Учурда  депутаттар Транспорт жана жол министрлигин “жакадан алып жаткан” убагы.  Депутат Бактыбек Турусбеков акыркы убакта аталган министриликте болуп жаткан окуяларды сөз кылды.

“Сиздердин министрлигиңерде эмне болуп жатканын бүткүл өлкө билет. Бүгүнкү күндө министрдин орун басары, жетекчи камакта отурат. Сиздин оюңузча сиз статс-секретарь катары жооптусузбу?”--деп депутат Транспорт министрнин статс-секретарына суроо узатты.  

Анда статс-секретарь бардык жетекчилик жоопту экенин айтты.

Бул жоопко ыраазы болбогон депутат, министрликте мындай көрүнүш күндөн-күнгө өсүп жатканын айтты.

“Биз коррупция менен күрөшүп жатабыз А силерде мындай көрүнүштөр барган сайын көбөйүүдө. Буга чейин бирөө кармалды эле, азыр экөө камакта отурат”,-дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости